Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Элет таржымалы Кадамжайдын Шады айылы 23 жыл мурда негизделген (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Шады айылы 1995-жылы негизделген. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан элеттин таржымалын такташтырды.

Айыл аксакалы Имаралы Жороевдин айтымында, ал учурда айылда жалгыз Шады деген киши жашаган. Элеттин аталышы ошонун ысымынан коюлган.

Айылдын башчысы Эркин Жолдошевдин айтымында, айыл Ош—Баткен—Исфана магистралдык жолун бойлой жайгашкан. Элет район борборунан 12 км, облустун борборунан 100 чакырым алыстыкта орун алган. Шадыда 150 кожолукта 550 адам жашайт. Анда ФАП, мечит, 2 дүкөн бар. Айылдагы ар бир үйдө малина өстүрүлөт. Ал тургундардын негизги кирешеси болуп эсептелинет.

Айыл тургуну Авазкан Абдукайым кызы быйылкы жылы малина жакшы түшүм бергендигин айтты. Чакан чарбагындагы малинадан бир сатканда 8-10 миң сомго чейин киреше тапса болот. Ал үчүн малинаны жакшы кароо талап кылынат. Эрте жазда ага атайын ар кандай зыянкечтерди өлтүрө турган дары себилет. Ошондой эле ага 2-3 күн аралыгында суу коюп туруу керек.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1136
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×