Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 26.06.2018 12:56 На русском

Кыргызстанда генералдар канча пенсия алат?

Turmush -  Кечээ, 25-июнда депутат Садык Шер-Нияз («Ата Мекен») Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда өлкөдөгү аскердик генералдар канча пенсия аларын сурады.

Комитет биринчи окууда аскер кызматкерлерине пенсия чектөө тартибин өзгөртүүнү карады. Сунушталган оңдоого ылайык, райондук коэффицент орнотулган аймактарда 10 календардык жылдан кем эмес аскер кызматын өтөгөндөргө пенсия жашап жаткан жерине карабастан көрсөтүлгөн коэффицентти эсептөө менен төлөнөт.

Учурдагы норма боюнча, райондук коэффицент аймакта жашап жаткан убакта гана эске алынат. Долбоордун демилгечиси, депутат Алмазбек Баатырбековдун айтымында, аталган норма пенсия алгандар бир нече айга дарыланууга кетсе, кылмыш ишин козгоого алып келет.

Отурумда депутат С.Шер-Нияз Социалдык фонддун өкүлдөрүнөн аскер кызматкерлеринин орточо пенсиясы канча экенин сурады.

Эл өкүлүнө жооп берген Социалдык фонддун башчысынын орун басары Гүлнур Жуматаева: «Бизде генералдардын орточо пенсиясы тууралуу маалымат жок. Ведомстволор боюнча орточо көрсөткүч бар», - деди.

«Бул жерде отургандарда аталган маалымат барбы?», - деп сурады депутат.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Нурсеит Кедеев: «Генералдардын орточо пенсиясы 35-40 миң сомду түзөт», - деп жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×