Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Бишкек 14.06.2018 08:30

Өлкө башчы иш сапар менен Россияга учуп кетти

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапар менен Россиянын Москва шаарына учуп кетти.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, С.Жээнбеков иш сапардын алкагында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Өлкө башчысынын Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×