Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.06.2018 10:59

«Жеңеке»: Нарындык Зейнеп Шакеева кайнатасынын сунушу менен медайымдык ишин мугалимдик кесипке алмаштырган (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 69 жаштагы тургуну Зейнеп Шакеева кайын атасынын сунушун кабыл алып, медайымдык ишин мугалимдик кесипке алмаштырган. Аймактык кабарчы ардагер мугалим менен маек курду.

Өзүнүн айтымында, биринчи алган билими менен айылда ФАПта медайым болуп 1 жыл эмгектенген.

«Өзүм Кочкор районунун Ак-Учук айылында төрөлүп, аталган айылдагы орто мектепти бүтүрүп, 1967-жылы Фрунзедеги медициналык училищаны аяктагам. Окууну аяктаганда жолдошум Кеңешбекке турмушка чыгып, Кара-Суу айылына келин болуп калдым. Алгач Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылындагы ФАПта 1 жыл медайым болуп эмгектендим.

Кайын атам ушул эле Кара-Суу айылында мектеп директору болуп эмгектенип жүрчү. Бир күнү мага "айылдагы мектепке орус тилчи мугалим керек, сен иштеп бер" деген сунушун айтты. Мен орус тилди аябай жакшы билчүмүн. Айтылган сунушка жок деп айта алган жокмун. Атам Бишкек шаарына жиберип, кайра Кыз-келиндер институтунда мугалим адистиги боюнча окутту. Ошентип өзүбүздүн айылда орус тилчи мугалим тартыш болгондуктан, биринчи кесибимди таштап, балдарга сабак берүүгө өттүм. Мына ушинтип кайын атамдын сунушу менен мугалим болуп, балдарга таалим-тарбия, билим берип, эми минтип ардактуу эс алууда отурам. Окуучуларымдын көбү мамлекеттик кызматтарда иштейт, чоң ишкерлер да бар. Баардыгы менен терең сыймыктанам», - деди ал.

Эмгекке көнгөн ардагер мугалим учурда бош отурбай боз үйдү жасалгалап, кыздарга сеп жасап, кол өнөрчүлүк менен алек болот.

«Келин болуп келгенден тарта кол өнөрчүлүккө кызыгып баштагам. Кайын энем уз адам болчу. Колунан баары келчү эле. Өзү дагы алтын адам болчу. Келиндерин өз кызындай эле эркелетчү. Мага боз үйдүн жасалгаларын, шырдак жасоону, деги эле аялдын жумуштарын толугу менен үйрөттү. Мен турмушка чыга электе үйдүн эрке кызы болуп, окуйм деп жүрүп үй оокаттарын көп жасаган эмесмин. Эсимден эч кетпейт, жаңы келин болуп келгенде нанга камырды жууруп койгом. Эртеси апам баарыбыз тура электе менин кемчилигимди жашырып, кайра суу менен ийлеп отуруптур. Мен жанына барсам, нанга камыр жууруганды кайра үйрөткөн.

Учурда бош отурбай, апамдан үйрөнгөн кол өнөрчүлүктү улантып келем. 85 баш боз үйдү жолдошум көтөрүп, мен ички жасалгасын жаңы жасап бүттүм. Андан сырткары шырдак, кыздарга сеп, шурудан сүрөт, ою түшүрүлгөн өзгөчө жаздыктарды келиним экөөбүз жасайбыз», - деди ал.

Ардагер мугалим үзүрлүү эмгектин натыйжасында «Эл агартуунун отличниги» медалы, «Улуу мугалим» наамы жана башка ардак грамоталар менен сыйланып, райондо ардак тактага сүрөтү илинген.

Зейнеп апа жолдошу көп жылдар бою мамлекеттик кызматтарда эмгектенген ардагер аксакал Кеңешбек Апсаматов менен бирге түтүн булатканына 50 жылдын жүзү болду. Алар 6 кызды тарбиялап өстүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×