Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев каза болду

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев (Макеев, «Кыргызстан» фракциясы ) каза болду. Маалыматты АКИpress агенттигине ЖК депутаты Алмазбек Баатырбеков тастыктады.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, Н.Кадыкеев Стамбулда дарыланып жаткан болчу. Ал 12-июнда каза болгон.

Н.Кадыкеев Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде мүчө болчу.

Ал 1970-жылдын 21-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Жогорку билимдүү.

- 1990-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун аяктаган;

- 1999-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган;

- 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолун 1988-жылы Кочкор районунда автоширетүүчү болуп иштөөдөн баштаган.

- 1997-2000-жылдары «Туркуаз» ЖЧКнын башкы директорунун бажы иштери боюнча орун басары;

- 2000-2001-жылдары «Дамла-Транс ЛТД» ЖЧКнын башкы директору;

-2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин астындагы каржы полиция башкармалыгынын жеке коопсуздук бөлүмүндө коопсуздук кызматкери;

- 2002-2003-жылдары Каржы полициясынын Чүй жана Талас облустарындагы башкармалыгында ага коопсуздук кызматкери;

- 2003-2004-жылдары Аймактар аралык башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча 3-бөлүмүнүн башчысы;

- 2004-жылы Финансы министрлигинин алдындагы кирешелер боюнча комитетинин Бишкек бажысынын башчысынын орун басары;

- 2005-2010-жылдары «Манас» бажысынын башчысы;

2015-жылдын 28-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

----------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин — 2018-жылдын 2-январында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Жыргалбек Калмаматов («Кыргызстан») көз жумган. Инфарктан көз жумган депутаттын сөөгү Алай районунун Гүлчө айылында жерге берилди. Ал 1972-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган.

Маркумдун артында жубайы жана 9 баласы калды.

Жыргалбек Калмаматов

----------------------------------------------------------------------------------

Жогорку Кеңештин ушул эле чакырылыштагы депутаты Улан Чолпонбаев («Республика – Ата Журт») 2017-жылы 11-ноябрда 40 жашында көз жумган. Анын артында 4 жана 2,5 жаштагы кыздары калды.

У.Чолпонбаев бөйрөк оорусунан жабыркап, борбордогу ооруканада дарыланып жаткан болчу.

У.Чолпонбаев

У.Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 13-ноябрда Бишкекте өтүп, денеси Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 21764
Көп окулду
×