Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 12.06.2018 11:58 Жаңыланды: 12.06.2018 13:35

Италиядагы «ала качуу»: 20 жаштагы модель кызды уурдаган шектүү 16 жылга камалды (фото)

Turmush -  Британиялык модель Хлои Эйлингди уурдаган деп айыпталган шектүү Италиянын Милан шаарында сот тарабынан 16 жыл 9 айга эркиндигинен ажыратылды. Окуя 2017-жылы болгон. «Медуза» басылмасынын маалыматы боюнча, айыпталуучу — Польшада туулган 30 жаштагы Лукаш Херба.

Айыпталуучунун айтымында, Эйлингди сүйүп калып, өзүнүн сүйүү баянына окшош тасмадагы окуяларды аткарып баштаган.

Айыпталуучунун сөзүнө шилтеме берген басылмалар: «Мен анын атагын чыгарган эл аралык ызы-чуунун баарын ал үчүн жасадым», - деп айтканын жарыялашты.

Ал модель кызды уурдаганын мойнуна алганы менен жардамдашкан шериктерин атоодон баш тарткан.

20 жаштагы моделдин уурдалышы

Эйлинг 2017-жылы 11-июлда Миланга фотосессия үчүн учуп барганда уурдалган. Аны шаардын четинде кармап, сексуалдык кулчулукка сата турганын айтып коркутушкан. Ал эми 17-июлда аны уурдоого катышкандардын бири британиялык консулдукка жеткирип, бошотууга жардам берген.

Андан кийин Эйлинг полицияга кайрылып, аны Жакынкы Чыгышка сексуалдык кулчулукка сатууга аракет кылган эл аралык кылмышкерлер уурдап кеткенин билдирген. Бирок аны уурдап кеткен адамдар менен бирге бут кийим сатылган дүкөндөн көргөндөр болгондугу тууралуу маалымат шек жараткан. Бул абалды Эйлинг шок абалда болгону жана кылмышкер тараптын тарапташтары аңдып жүрөт деп корккону менен түшүндүргөн.

Ал эми айып таккан мамлекеттик органдын пикири боюнча, айыпталуучу Эйлинг менен сүйлөшкөндө өзүн адамдарды сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү катары көрсөткөн. Башка басылмалар айыпталуучунун жактоочусу бул окуя модель тарабынан атак үчүн атайын уюштурулган деп айтканын жазып чыгышты.

Сүрөттөр интернеттен алынды

Кийинчерээк Эйлинг журналисттер менен болгон маегинде окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында, Миланга моделдик карьерасына байланыштуу кызматташуу сунушу боюнча барган.

«Мен Миланга барып, керектүү даректи таптым. Ал борбордук бекеттен алыс эмес жердеги кандайдыр бир кеңсе болчу. Анын ичине киргенде артымдан кара кол капчан белгисиз бирөө келди. Ал бир колу менен тамагымдан муунтуп, экинчи колу менен кыйкыртпай тургандай кылып оозумду жапты. Ошол учурда экинчи эркек киши пайда болуп, мага укол сайды. Ошондон кийин мен эс-учумду жоготуп, көзүмдү ачканда мени кандайдыр бир жакка алып бара жатышканын билдим. Караңгы болчу. Мен кыймылдай алган жокмун, колумда кишен болсо, бутум да бир нерсе менен байланган эле. Бир нече убакыттан кийин мен тумчугуп калбашым үчүн тешиги бар чемоданда жатканымды, чемодан унаада экенин түшүндүм», - деген Х.Эйлинг.

Өзүнүн айтымында, ага сексуалдык күч колдонулган эмес. Ага күлгүн түстөгү ич кийим кийгизишип, кандайдыр бир укол сайып турушкан. Кийин текшерүүнүн жыйынтыгы менен анын организминде кетамин — дарыгерлер наркоз же ооруну билдирбөө үчүн колдоно турган наркотикалык зат бар экени аныкталган.

--------------------------------------------------------------------------------

Кыргызстандагы кыз ала качуу трагедиясы

Кыргызстанда жакында эле 20 жаштагы кыз экинчи жолу ала качкан жигит тарабынан милициянын имаратында бычакталып каза болду. Бурулай шектүү биринчи жолу ала качкандан кийин үйүнө ата-энесинин жардамында кайтып келип, өзүнүн жигити менен той күнү белгилешкен болчу.

Бурулайдын өлүмүнө шектүү М.Б. ооруканадан Бишкектеги абакка кечээ, 11-июнда Жайыл аймактык ооруканасынан которулганы маалым болду. Ал 28-майга караган түнү милициянын имаратында өзүнө кошо бычак сайып, оор абалда ооруканага жеткирилген болчу. Андан бери оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып, 4-июнда хирургия бөлүмүнө которулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×