Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Садыр Жапаровду абакта өлтүрүүнү каалашкан, - жактоочу

Turmush -  Бүгүн, 5-июнда Жогорку сот мурунку депутат Садыр Жапаровдун ишин карап баштады. Отурумдун жүрүшүндө анын кызыкчылыгын коргогон жактоочу Токтосунов, экс-депутаттын Казакстан менен чектешкен чек арада кармалышы тууралуу айтты.

«Чек арада Жапаровду 5 миң милиционер, атайын даярдыктагы топ (спецназ) тосуп алды. Биз чогуу келдик. Баарыбыздан паспортторубузду чогултуп алышып, өздөрүн журналист деп тааныштыргандар камерага тартып жатышты. Мен кылмыш иш козголбогонун, ал (С.Жапаров) күбө экенин айттым. Бирок Садырга дароо кишен салынып, ал кылмышкерге айланып калды. Ага чейин атайын даярдык көрүлгөнү белгилүү болду. Ал жерден мени күч менен түртүп, Жапаровду алып кетишти», - деди жактоочу.

Жактоочу убактылуу кармоочу жайда С.Жапаровдун моюнун жана колун кесишкенин билдирди.

«Мени көпкө чейин киргизишкен жок. Акыйкатчынын аппаратынан жана башка жерлерден да келишкен. Андан кийин мени киргизгенде ал алгач ата-энеси жана балдары тууралуу сурады. Ал мага "баарын жасашсын, бирок жакындарыма тийишпесин" деди. Жапаровду СИЗОдо өлтүрүү планы болгон. Ал өзү моюнун, андан кийин сол колун, оң колун кесе албайт болчу. Түрмөдөгүлөр Жапаровдун жазгандарын окуп, кызыгып башташты. Качан биз аны түшүнүп, баалап баштайбыз», - деди ал.

Жактоочу айтып жаткан окуя бир жыл мурун — 2017-жылдын апрель айында болгон.

---------------------------------------------------------------------------------

Бишкектеги СИЗО-1 мекемесинин Садыр Жапаров камакка алынган камерасына 2-апрелде саат таңкы 05:00 чамасында дарыгерлер чакырылган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ага көзөмөл жүргүзгөн нөөмөттөгү фельдшер мойнунун оң жагынан жана оң колунун чыканагы бүгүлгөн тарабынан учтуу буюм менен кесилген жаракаттарды тапкан. С.Жапаровго медициналык жардам көрсөтүлүп, бул окуя өзүнө кол салуу фактысы катары мекеменин журналына катталган.

«Саат 07:00 чамасында Садыр Жапаров №47 түзөтүү абагынын борбордук ооруканасына жеткирилип, операция жасалды. Учурда ал хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат, абалы канааттандырарлык. Аны менен атайын прокуратура менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жолугушту. Алар менен сүйлөшүү учурунда С.Жапаров денесин өзү кескенин, абактагы кызматкерлерге жана камерада бирге отурган камактагы адамдарга доосу жок экенин айтты», - деп айтылган ЖАМКтын билдирүүсүндө.

Райондук соттун өкүмү:

Мурдагы депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу тууралуу чечимди 2017-жылы 2-августта Биринчи май райондук соту чыгарган.

Жактоочунун айтымында, С.Жапаровго 4 берене: адам өлтүрүү үчүн барымта уюштуруу, бийликке каршы митинг уюштуруу, ээнбаштык жана Ысык-Көл облусунун мурунку жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айып тагылган.

«Сот биринчи 3 берене боюнча С.Жапаровду актады. Аны Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айыптуу деп таап, 11 жыл 6 айга камады», - деди ал.

Бул чечимге макул болбогон С.Жапаровдун жактоочусу апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу.

Бишкек шаардык сотунун чечими:

2017-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровго карата козголгон ишти караган отурум улантылды.

Отурумда Жапаровдун күнөөсү далилденгени айтылды. Жыйынтыгында шаардык соттун судьясы Биринчи май райондук соттун С.Жапаровго карата чыгарган өкүмүн өзгөртүүгө негиз жок деп таап, аны 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7687
Көп окулду
×