Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 30.05.2018 10:37

«Кыргызкөмүрдүн» мурдагы башчысы Ж.Жунушев Мамэкотехинспекциянын жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Муратбеков Канатбек Камбарбекович Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси кызматынан бошотулду.

Маалыма болгондой, тиешелүү буйрукка бүгүн, 30-майда кол коюлду. К.Муратбеков аталган кызматта 2015-жылдын 2-декабрынан бери иштеп келе жаткан.

К.Муратбеков

2

Аталган кызматка жаңы жетекчи болуп Жолдошбек Жунушев дайындалды. Бул тууралуу Tazabek басылмасына өздүк булактары билдиришти.

Маалым болгондой, Ж.Жунушев мурда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын жетектеп иштеген.

Ж.Жунушев

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×