Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Баракелде

«Кытайдын соода өкүлдөрүн 18 жолу кабыл алгансыз»: Депутат А.Мамашева менен С.Исаков айтыша кетти

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева («Ата Мекен») бүгүн, 17-майда парламенттин отурумунда тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимовдон Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Кытай Эл Республикасынын элчилигинин алдындагы канцеляриянын соода-экономика боюнча кеңешчисин кайсы учурда кабыл аларын сурады.

А.Бешимовдун айтымында, муну талкуулоо оор, С.Исаков кимди кабыл аларын өзү чечет.

«Тышкы иштер министрлигинин линиясы боюнча жооп берейин. Эгер аталган өкүл же соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчи ТИМге жолугушууну суранса, биринчи кезекте жолугушуунун максаты суралат. ТИМ долбоордун баасын жана бул маселелерди талкуулабайт. Чыныбай Акуновичтин суроосу боюнча учурдан пайдаланып айтсам, министр Абдылдаев СМЕС компаниясын колдогон кат болбогонун айтты. ТИМде КЭРдин Коммерция министрлигинен келген кат бар. 2013-жылдын 8-январынан, 2013-жылдын 5-июлунан. Муну укук коргоо органдарына өткөрүп берүү керек, бардыгы ачыкка чыгат», - деди А.Бешимов.

«Эгер бул элчинин рангы болбосо соода өкүлү менен ким жолугушу керек?», - деп сурады А.Мамашева.

«Кеңешчи саясий маселелерди талкуулабайт, ал өлкөнүн өкүлү катары эмес, компания, министрлик жана ведомстволор менен кызматташат. Менин жеке пикиримде албетте ранг тиешелүү эмес», - деди А.Бешимов.

Ал эми депутат ири долбоорлор менен Президенттин аппараты алек болуп, чарбалык иштерге кийлигишкенин белгиледи.

«Бул аппараттын жетекчисинин орун басарынын деңгээли эмес. Башкы прокуратуранын өкүлүнөн сурагым келет, мындай рангдагы сүйлөшүүлөр президенттин администрациясынын карамагына киреби?», - деп сурады эл өкүлү.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевдин айтымында, бул маселе тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында каралат.

Өз кезегинде бул маселе боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаков жооп берди.

«Келгиле ошол учурдагы материалдарды карап, Кытайдын соода өкүлдөрү менен ким жолугушканын карап чыгалы. Мисалы, соода өкүлү тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси менен жолугушууну суранса, муну бөлүм башчы керек деп эсептесе, жолугушууга тыюу салынбайт. Ошондуктан анын ыйгарым укугу бар.

Биз тышкы саясат бөлүмү катары долбоорду илгерилетүү боюнча аталган келишимдердин даярдыгын көзөмөлдөдүк. Бул документтердин саясий жактан алдыга жылдырууга катышканымды сыймыктануу менен айтам. Анткени ал биздин өлкө үчүн абдан керек болчу. 2013-жылды эстесеңиздер, энергетикалык сектордо абал оор болчу. Жаңы ЖЭБдин аркасы менен кырсык учурундагы абалдан чыктык», - деди С.Исаков.

А.Мамашева С.Исаковдон ТВЕА компаниясын илгерилетүүгө катышып катышпаганын сурады.

С.Исаков: «Биздин милдет мониторинг жана долбоорду алдыга жылдыруу боюнча макулдашуулардын даярдыгын президентке жеткирип туруу болчу», - деп жооп берди.

Депутаттын айтымында, С.Исаков соода өкүлдөрүн 18 жолу кабыл алган.

С.Исаков эл өкүлүнөн: «Сиз өткөрмө бюросу аркылуу келген адамдардын бардыгы менен жолугасызбы?», - деп сурады.

А.Мамашева ал анын жана өзүнүн компетенциясын алмаштырып жатканын белгилеп: «Мен эл өкүлүмүн жана шайлоочулар менен жолугушам», - деди.

«Тышкы саясат бөлүмү чет өлкөлүк өкүлдөр менен жолугушат, бирок дайыма эле бөлүм башчы менен жолугуша бербейт. Келиңиз мен канча жолу жолугушуу өткөргөнүмдү тактайлы», - деп жооп берди С.Исаков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3706
×