Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 17.05.2018 10:49

Бишкектеги «Орто-Сай» базарынан бомба табылган жок

Turmush -  Кечээ, 16-майда Бишкекте бомба коюлгандыгы жөнүндөгү маалыматтан улам курчоого алынган «Орто-Сай» базарынан жарылуучу зат табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бомба тууралуу маалымат саат 12:36 чамасында түшкөн. Жерине Октябрь райондук №5 Аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары жеринде ИИМ, УКМК кызматкерлери тиешелүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. Базарда жардыруучу зат табылган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×