Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Баракелде

Депутат З.Рысалиев экс-премьер Ж.Сатыбалдиевди немис офицерине салыштырды

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев бүгүн, 16-майда парламенттин отурумунда Бишкек ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун угуу учурунда Жантөрө Сатыбалдиевди германиялык офицерге салыштырды.

«Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европадагы эң коркунучтуу адам оберштурмбаннфюрер Отто Скорцени болгон. Мен Кыргызстандын жаңы тарыхы үчүн эң коркунучтуу адам ким деп 10 күн ойлондум. Тизме түздүм, биринчи орунда Жантөрө Сатыбалдиев турат. Эмнеге? Анткени Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин сиз 3 комиссияны: 1997-1998-жылдары Бишкек—Ош жолу боюнча мамлекеттик комиссияны, 2003-2004-жылдары "ширшовск схемасы" боюнча мамлекеттик дирекцияны жана 2012-2013-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектегенсиз. Сиз жетектеген жердин баарында кылмыш иштер болгон. Андан кийин да кызматтарды ээлеп, кылмыш иштер козголгон. Эгерде өлкөдө мыйзам иштесе, сиз рецидивист болмоксуз. Сиз бүгүн бизге акыл үйрөтүп жатасыз», - деди ал.

Өз кезегинде Ж.Сатыбалдиев депутаттын пикири менен макул болгон жок.

«Сиз айтып жаткан дирекциялардын бардыгын жетектегем. 1996-1997-жылдары Бишкек—Ош жолунун курулушу боюнча мамлекеттик комиссияны жетектегенде эч кандай кылмыш иш болгон эмес. Эгерде сизде фактылар болсо укук коргоо органдарына бериңиз. Энергетика боюнча дирекция боюнча күбөлөр жана энергетиктер өз баасын бере алат. Жалал-Абад жана Ош шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияда өзүнчө кемчиликтер бар болчу, бирок Эсептөө палатасынын актысы боюнча уурдоо болгон эмес. Мени каралоодон мурда өзүңүздү ойлоңуз. Сиз өз кезегинде менде иштегенсиз. Эгер факты болсо укук коргоо органдарына өткөрүп бериңиз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1670
×