Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баракелде

Окуучулардын чекесине «2» койгон өзбекстандык мугалим прокуратурада сурак берип жатат

Turmush -  Бекабад шаарынын прокуратурасы жана Ташкент облустук элдик билим берүү башкармалыгы 4 окуучунун чекесине «2» деген баа койгон орто мектептин мугалиминин ишин текшерип баштады.

Аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Шукура Бурханованын айтымында, ошондой эле мугалим окуучуларды класстын алдында кемсинткен.

«Бул айда Бекабад шаарындагы №5 мектептеги башталгыч класстын мугалими окуудан артта калган 1-класстын окуучуларына тартип чарасын көргөн. Анын бул иш аракети прокуратура тарабынан психологиялык кыйноо деп бааланды», - деди ал.

Ал эми шаардык элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мухиддин Кузибаев окуучуларга психологиялык жаза колдонгон мугалим убактылуу жумуштан четтетилгенин билдирди. Ал учурда прокуратурага эмне себептен мындай кадамга барганын түшүндүрүп жатат. Мындан тышкары тергөөчүлөр аталган окуучулардын ата-энелеринен түшүнүк кат алды. Мугалимдин ишин өспүрүмдөр иши боюнча ведомство аралык комиссия карап чыгат.

Чексине баа коюлган окуучулардын сүрөттөрү 11-май күнү социалдык тармактарга жарыяланган. Ал сүрөттөрдү колдонуучулар кызуу талкууга алышкан болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2317
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×