Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Баракелде

К.Бегалиев күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп дайындалды

Turmush -  Канат Бегалиев Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп дайындалды.

Мындай чечим федерациянын жетекчилеринин 12-майдагы отурумунда кабыл алынган. Буга чейин федерациянын биринчи вице-президенти кызматын мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу аркалап келген. Ал 2018-жылдын февраль айында аткезчиликке шектелип Казакстанда кармалып, камакка алынган болчу.

Мындан тышкары Жалил Атамбаев грек-рим күрөшү боюнча КРнын федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды. Мурда бул кызматты Марат Назарбеков аркалап келген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4306
Көп окулду
×