Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баракелде

Фото - Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин жолугушту

Turmush -  Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кызматташуунун келечеги, ошондой эле ЕАЭБ алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

В.Путин С.Жээнбековду тосуп алып, өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулаганга мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи. Ал өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү өсүп жаткандыгына токтолуп, биргелешкен долбоорлордун катарында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ишин белгилеген.

«Өлкөлөрүбүздүн ортосунда эки тараптуу форматта талкуулоо үчүн жалпы, салттуу темалар бар. Бүгүн биз Евразиялык экономикалык бирликте кызматташуубуздун маселелерин кеңири курамда талкуулайбыз. Экономикалык уюм бизге ар тараптуу кызматташууга мүмкүнчүлүк берет», - деп белгиледи В.Путин.

Жолугушууда С.Жээнбеков В.Путинди расмий түрдө Россия Федерациясынын президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин дагы бир ирет талкуулоого жана жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтамын. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Россия мындан дагы зор ийгиликтерге жетет деп ишенем. Жыл башынан бери биздин кызматташтыктын дээрлик бардык баскычтарында диалог активдештирилгендигин канааттануу менен белгилейм.

Кыргызстандын негизги өнөктөшү Россия менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча багытыбыз кыйшаюусуз сакталат деп дагы бир ирет ырастайм», - деп сөзүн жыйынтыктады С.Жээнбеков. Ошондой эле жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн Россиянын президентине ыраазычылык билдирди.

Сүрөттөр Кыргызстандын Президенттик аппаратынын басма сөз кызматына таандык:

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1455
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×