Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баракелде

Сиднейлик окуучу ата-энесинин насыя картасын уурдап алып, Балиге эс алууга учуп кеткен

Turmush -  Ата-энесинин насыя картасын уурдап, чоң энесин алдап өзүнүн паспортун алган сиднейлик окуучу жалгыз Бали аралына учуп кеткен. Бул тууралуу Lenta.ru чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен жазды.

Басылманын маалыматына караганда, 12 жаштагы окуучунун апасы уулуна Бали аралына барууга тыюу салган. Ал өз алдынча учакка билет алып, чек арадан өткөн. Окуучу ата-энесине мектепке кеткенин айтып, аэропортко чейин поезд менен барган.

Анын айтымында, документти текшерүүдөн ийгиликтүү өтүп, Бали аралына чейин жеткен. Ал эми мейманкананын кызматкерлерине эжесин күтүп жатканын айтып ишендирген.

Өспүрүмдүн бул окуясы мугалими анын ата-энесине чалып, мектепке келбегенин айтканда ачыкка чыккан. Уулу Балиде экенин билген апасы аралга барып, аны үйүнө алып келген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4003
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×