Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баракелде

Коньяда 60 мамлекеттин студенттерине кыргыз маданиятын таанытышты (фото)

Turmush -  Түркиянын Конья шаарында өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды таанытуу иш-чарасы демилгеленип, студенттер шаар бийлиги менен биргеликте иш жүзүнө ашырышты. «Улуттар аралык студенттердин жолугушуусу» деген аталыштагы иш-чарага жалпы Коньяда жогорку билим алып жаткан 60 мамлекеттин студенттери катышып, өздөрүнүн улуттук маданиятын, каада-салтын, кол өнөрчүлүк, ашканасын 2 күн бою таанытты.

Буга күбө болгон кыргызстандык докторант Азамат Арпачиевдин айтымында, Коньянын университеттеринде жана лицейлеринде окуп жаткан кыргызстандык жаштар да активдүү катышуучулардын катарын толукташты. Алар кыргыздын көөнөргүс мурасы болгон манасчылык өнөрдү да көрсөтүп, андан сырткары иш-чарада улуттук оюндардан ордо, чүкө атмай оюндары ойнолду. Ошондой эле көк бөрү тууралуу маалымат беришти.

Ал эми атайын тигилген чатырда кийизден, териден жасалган байыркы буюмдар, улуттук кийим-кечелер, зер буюмдар жана сувенирлер коюлган. Улуттук тамак-аштын да бир нече түрү коюлуп, келгендердин назарын бурду.

Өлкөлөрдү таанытуу иш-чарасы Түркиянын бийлиги тарабынан былтыр Кыргызстанда жана башка кыркка жакын мамлекетте уюштурулган. Ал эми Коньяда 5-жолу өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1746
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×