Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баракелде, Дүйнө 08.05.2018 09:54 На русском

Москвада кыргызстандык 15 жаштагы кыз 9 айлык өлүү ымыркай төрөдү

Turmush -  Россиянын Москва шаарынын түштүк-батыш аймагында жашап жаткан өспүрүм кыз үйүндө төрөгөндөн кийин ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу шаардагы маалыматтарды жайылткан «Москва» агенттиги маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 7-майга караган түнү төрөт үйүнө жеткирилген 15 жаштагы кыз кыргызстандык болуп чыкты. Ал кош бойлуулуктун 9-айында Новаторов көчөсүндөгү батирлердин биринде көз жарган. Көз жарган кыз кош бойлуу кезинде дарыгерлер тарабынан каттоого алынган эмес. Ал эми ымыркай өлүү төрөлгөн.

Өспүрүм ооруканага жаткырылып, баласы өлүмдүн себебин тактоо үчүн өлүк сакталуучу жайга жеткирилген. Учурда аймактагы тиешелүү органдардын өкүлдөрү окуянын чоо-жайын тактап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×