Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 27.04.2018 20:09

Ысырапчылыкка бөгөт: Той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүн иштеп чыгууга сынак жарыяланды

Turmush -  Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тойлорду жөнөкөйлөштүрүү жана ысырапчылыкка бөгөт коюу максатында той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнүн сценарийин иштеп чыгууга сынак жарыялады. Бул маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы таратты.

Сценарийлерди кабыл алуу 2018-жылдын 1-майынан башталып, 15-сентябрына чейин улантылат. Ал эми сынактын байге фонду 200 миң сомду түзөт.

Сынакты өткөрүү тартиби:

- сынакка каалоочулардын бардыгы катыша алат;

- сценарийлер мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат;

- сценарийде үйлөнүү той, мааракелер, тушоо кесүү, сүннөт той өткөрүүнүн жаңы жол-жоболору камтылышы керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×