Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.04.2018 10:36 Жаңыланды: 18.04.2018 08:12 На русском

Айыл турмушу: Тоңдук 29 жаштагы Э.Жунушов төө, топоз, асыл тукум жылкыларды багуунун жолдорун айтып берди (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 29 жаштагы тургуну Эрмек Жунушов төө, топоз, асыл тукум жылкыларды багып, атасынын жолун жолдоодо. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 10 жылдан бери мал багат.

«Чоң атам чарбада өмүр бою жылкы багып иштеген. Ал каза болгондон кийин чоң энем үлүшкө тийген кашарларда балдары менен калышкан экен. Өзүмдүн атам 65 жашка чыкканга чейин ушул кашарда жашады. Алар мен үйлөнгөндөн кийин гана айылга кетишти. Мен өз алдымча мал бакканыма 10 жылдай болуп калды. Эс тарткандан бери мал багып келем. Бодо малга, айрыкча жылкыга кызыгам. Азыр 30дай топоз, 4 төө, 20дай асыл тукум жылкым, 10го чукул уюбуз бар.

Токмок базарына барганда төө саткан адамдарды көрүп, аларга «мен тайлагын алат элем» десем, тайлак саткан адамдын дарегин беришти. Ошол дарек боюнча Нарындын Орто-Саз айылына барып, 30 миң сомго тайлак сатып келгем. Негизи төөнү төрт түлүк малдын төрөсү деп коёт. Төө бул унаанын ордуна көчүп-конууга колдонулат. Малдын асылы, ток пейил болот. Төө 2 жылда бир тууйт. Төөнүн ургаачысы инген, эркеги буура деп аталат. Меники азыр тууй элек. Келген коноктор төө менен сүрөткө түшүп турушат. Анда-санда минип, бастырып келем. Тилекке каршы аймакта төө аз болгондуктан бөтөн малдар үркөт. Ошондуктан көп минип бастыра бербейм. Негизи төөнүн сүтүн, заарасын дарычылыкка издешет экен. Жакында эле заарасы керек эле деп издеп келишти, буга чейин аны алып көрбөгөн соң ала алган жокмун.

Топозду болсо 3 жылдан бери багабыз. Топоз тоют сурабайт, тоолордо кыштайт. Жайы-кышы кызыкчылык үчүн минип үйрөтүп коём. Топозду баласы менен бирге 45 миңден 50 миң сомго чейин, инектери 30-35 миңден, тай мамалактар 20-25 миң сомдон бааланат. Эркеги арзан, ургаачысы кымбат келет. Ал эми жылкынын бардык түрүнө айрыкча жорго багууга кызыгам. Атайын асыл тукум жылкыларды кармайм, ат чабыштарга катышам. Эң чоң байге утканым 10 миң сом болгон. Кыргыздын аттары тоо-ташка жарышса ашуу ашат», - деди Жунушов.

Ал төө кандай учурда түкүрүп, тиштей турганын айтып берди.

«Февраль айынан тартып апрель айына чейин төөлөр ургаачысы менен кошулган маал болгондуктан, алардан абдан сак болуш керек. Антпесе төө кишини тиштеп, башка малды чайнап, тебелеп зыян келтирип коёт. Ошондуктан бул маалда төөдөн сак болуу зарыл. Анын жүнү абдан жылуу болот. Ага бир жумада бир чөп салса тура берет. Сабап катуу айтып, урбаш керек. Анткени бакырчаак, жазгак болуп, түкүрмө болуп калат, түкүргөнүн бүркүп деп коёт.

Мал багуудан сырткары ат жабдыктарын жасайм. Чоң атам убагында ээр чапчу. Атамдын бул өнөрүн калтырбай мен дагы улантып келе жатам. Кээде тааныштарга жасап берем. Келечекте чоң атамдын атын өчүрбөй алып жүрсөм дейм. Кылган нерселерим ишке ашса, эл катары мен да туристтерди тозсом деп пландап жатам», - деди ал.

Э.Жунушов 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×