Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Баракелде

Улуу Британиядагы эң түрү суук ит моделдик агенттик менен келишим түздү

Turmush -  Улуу Британиядагы 15 жаштагы эң түрү суук Чейз аттуу ит моделдик агенттик менен келишим түздү. Ал катаракт жана түксүздүк менен жабыркап келет. Бирок анын мындай оорусу «Model Direct» моделдик агенттиги менен келишим түзүүгө эч кандай тоскоолдук жараткан эмес.

Иттин ээси Шторм Шайлер үй жаныбарын башка чөйрөдөн көргүсү келет.

2017-жылы өткөн «Дүйнөнүн эң түрү суук жаныбары» кароо-сынагында Чейз 3-орунду жеңип алган. Ал эми 1-орунду Калифорниядан 3 жаштагы Марта аттуу ит утуп калган. Бул сынак 1961-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 856
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×