Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушту

Turmush -  Мурунку президент, КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-апрелде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушуу Боао шаарындагы мамлекеттик резиденцияда өткөнүн КСДП партиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, А.Атамбев менен С.Цзиньпин кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүктүн бийик деңээлин белгилешти. Жолугушуунун жүрүшүндө Кытай тараптын «Бир кур — бир жол» демилгесинин алкагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Кыргызстандын экс-президентине кезектеги Боао Азия форумуна катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал А.Атамбаевди КСДП партиясынын төрагасы болуп шайланганы менен куттуктады. Анын айтымында, А.Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп турганда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиленин бекемделишине чоң салым кошкон.

А.Атамбаев Кытай тарапка ыраазычылык билдирип, формдун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1573
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×