Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Маммүлктү башкаруу боюнча фонддун мурдагы жетекчиси Б.Казаков кармалды

Turmush -  ИИМ кызматкерлери Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаковду кармады. Бул тууралуу миниcтрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Б.Казаков Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (салык, бажы, менчиктештирүү же лицензиялык ишмердүүлүктү жүргүзүү учурунда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) менен шектелип кармалды.

Мурда ЖМКлар Бакиевдердин VIP-шаарчасынын сатылышы, аукциондун жеңүүчүсү «ВостокТехКомплект» компаниясы жөнүндө жазып чыгышкан. Мамлекеттик мүлктөр арзан баада сатылгандыгы болжолдонгон. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд улутташтырылган объекттер 9 жолу сатыкка коюлгандыгын билдирген. Бирок сатып алуучулардын жоктугунан улам аларды баалоону Кыргыз баалоочуларынын коомдук бирикмеси жүргүзгөн.

Фонддун ал кездеги жетекчиси Б.Казаков шаарчанын биринчи баасы 242 млн сом болгондугун, бирок коттедждер сатыкка 9 жолу коюлгандыктан баасы арзандагандыгын билдирген.

«Комплекстин баасы кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн жасалма түрдө арзандатылган жок. Объекттер мыйзамдуулукту жана башка шарттарды эске алуу менен эң жогорку бааны сунуштаган катышуучуга сатылды», - деген ал.

Б.Казаков кечээ, 10-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренесине ылайык кармалып, камакка алынды. Учурда ИИМ иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1774
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×