Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 10.04.2018 23:00

Улуу британиялык пенсионер жуунучу бөлмөсүнөн жылаңач ууруну кармады

Turmush -  Улуу Британияда жашаган пенсионер адам үйүнө кирип, жуунучу бөлмөсүнөн белгисиз кишини кармап алды, деп билдирди «Сегодня» басылмасы.

Маалым болгондой, үй ээси жуунучу бөлмөгө кирген учурда аталган киши жылаңач болгон жана колуна шараптын идишин кармап отурган. Пенсионер өзүнүн эмоциясын көзөмөлдөп, дароо полициялык участокко телефон чалган. Бирок чакырылбаган белгисиз конок кийимин жуунучу бөлмөгө таштап, алды-артын карабай безилдеп качкан.

Полиция кызматкерлери тез арада 36 жаштагы эркек кишини кармашып, туруктуу жашаган жери жок селсаяк экендигин аныкташкан. Андан соң уурулукка айыптап камашкан. Бирок көп өтпөй селсаяк кайра камактан чыгарылды. Тартип сакчылар буга чейин мындай окуялар менен кагылышпаганын жана аталган факт өзгөчө окуя болгонун билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×