Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 09.04.2018 11:01 На русском

Президент С.Жээнбековду Түркияга коштоп кеткен делегациянын курамы

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде расмий иш сапар менен Түркия өлкөсүнө учуп кетти. Иш сапардын алкагында С.Жээнбеков менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу пландалууда.

Ошондой эле Түркиянын премьер-министри жана парламенттин төрагасы менен жолугушуусу мүмкүн.

Расмий сапарда спорт, айыл чарба, инвестиция, социалдык камсыздандыруу жана басма сөз тармагындагы макулдашууларга кол коюу күтүлүп жатат.

Президент С.Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегациянын курамы:

- Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев;

- Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

- Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов;

- вице-премьер-министр Санжар Муканбетов;

- Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери, Түркия менен кызматташуу боюнча депутаттык топтун мүчөсү Алмазбек Баатырбеков;

- «Республика Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов;

- Экономика министри Артем Новиков;

- Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев;

- Социалдык фонддун төрагасы Тенизбек Абжапаров;

- Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов;

- Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Эсенкул Момункулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×