
Turmush - Сегизбаев Абдил Кеңешевич Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулду.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал кызматынан бошотуу тууралуу өзү арыз жазган. Аны кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси кызматына 2015-жылы ноябрь айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан дайындалган.