Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 07.04.2018 10:45

Казакстанда Кыргызстандын мамлекеттик номуру тагылган унаага ок атылып, жаш жигит жаракат алды (видео)

Turmush -  Казакстандын Актөбө шаарына жакын жолдо белгисиз адамдар 5-апрелден 6-апрелге караган түнү Кыргызстандын мамлекеттик номуру тагылган жүк ташуучу унаага (бус) ок атышты. Бул тууралуу маалымат WhatsApp тиркемеси аркылуу таратылып жатат.

Видеодон унаанын ичинде калган жигиттин жаракат алганын көрүүгө болот. Окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштешкен.

Видеону тарткан айдоочунун айтымында, унаа бузулуп калгандыктан жигитти анын ичине калтырып, өзү жакынкы айылга кеткен.

(Видеодо цензурадан тыш сөздөр айтылган)

«Кийинчерээк тез жардам кызматы келип, жаракат алган жигитти ооруканга алып кетишти», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×