Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Баракелде, Бишкек 02.04.2018 09:45 На русском

Ресторандагы массалык уулануу: Бишкектеги үлпөт тойдон кийин ооруканага кайрылгандардын саны 151 адамга жетти

Turmush -  Бүгүн, 2-апрелде саат 08:00гө карата Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына үлпөт тойдон кийин тамак-ашка ууланган 139 адам кайрылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алардын ичинен 89 адам (19у жаш балдар) ооруканага жаткырылды. Ошондой эле 50 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлсө, алардын 10у жаш балдар.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда уулануунун белгилери бар 12 адам дарыгерлерге кайрылып, 11 адам ооруканага жаткырылды. Дарыгерлердин айтымында, бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат. Аларга медициналык жардам көрсөтүү улантылууда.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына барып, бейтаптардын абалы менен таанышты. Абал саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.

Окуя тууралуу:

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында 30-мартта үлпөт тойдон кийин тамакка ууланган адамдар ооруканага жаткырылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 18 адам дарыланып жаткан. Алардын ичинен алтоо жаш балдар. Ошондой эле тамакка ууланып ооруканага кайрылган 10 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

«1-апрелде эртең менен уулануунун белгилери менен дагы 5 бейтап кайрылды. Алардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×