Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Баракелде, Бишкек 01.04.2018 12:25 На русском

Ресторандагы массалык уулануу: Бишкекте үлпөт тойдон кийин 30дай адам ооруканага түштү

Turmush -  Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында 30-мартта үлпөт тойдон кийин тамакка ууланган адамдар ооруканага жаткырылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 18 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен алтоо жаш балдар. Ошондой эле, тамакка ууланып ооруканага кайрылган 10 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

«Бүгүн, 1-апрелде эртең менен уулануунун белгилери менен дагы 5 бейтап кайрылды. Алардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Абалды саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлөн Исаков көзөмөлдөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×