Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 29.03.2018 13:22

20 жаштагы Сезим Бишкектеги эң сулуу кыз аталды (фото)

Turmush -  «Бишкек сулуусу-2018» сынагынын финалдык туру кечээ, 28-мартта жыйынтыкталып, борбордогу эң сулуу кыздар аныкталды. Beaty Company Kyrgyzstan тарабынан уюштурулган сынакта таажы үчүн 21 сулуу күч сынаган.

Алар өздөрү тууралуу видеотасма көрсөтүү, улуттук кийим жана дизайнердик көйнөк көрсөтүү, ошондой эле кече көйнөгү менен чыгуу тапшырмаларын аткарышты. Жыйынтыгында калыстардын чечиминен кийин 21 талапкердин ичине эң мыктысы болгон Сезим Асранкул кызы жеңүүчү аталды.

20 жаштагы Сезим Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×