Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Баракелде

Кызыл-Ордодо устуканга таарынган куда кызын алып кетүүгө аракет кылган

Turmush -  Казакстандагы Кызыл-Ордо шаарында өткөн үйлөнүү той кудалардын салтка байланыштуу нааразычылыгы менен коштолду. Жаңы келиндин атасы куда тарап жиликти (устукан) сөөгү менен кошо тартканына нааразы болгонун тойдун катышуучуларына шилтеме берүү менен NUR.KZ басылмасы жарыялады.

«Адай уруусунан чыккан кыз менен кичүү иним үйлөнүштү. Көпчүлүккө алардын оңой эмес мүнөзү белгилүү болсо керек. Бирок инимдин бактысы үчүн биз барына чыдап, алгач алар сураган көп суммадагы калыңды төлөдүк», - деди той ээсинин тууганы Арман.

Ага улай салт боюнча бет ачар жөрөлгөсү жасалып, андан кийин чоң масштабдагы үйлөнүү той ресторанда уюштурулган. Кыздын төркүндөрү бул тойго ыраазы болушканы менен кудалыкта күтүлбөгөн окуя болгон.

Салт боюнча кудалык үйлөнгөн жигиттин үйүндө өтүп, алгач эки тараптагы туугандар жакындан таанышкан.

«Алгач кудаларды куурдак менен коноктоп, андан кийин бешбармак берилди. Бул учурда биз тараптагы жаш жигиттер андагы этти кесип башташты. Алардын бири сөөктөн ажыратылбаган этти улуу кудага берген. Андан кийин ал (куда) ордунан туруп кыйкыра баштады. Алгач биз түшүнгөн жокпуз. Андан кийин гана адай уруусундагылар сөөгүнөн ажыртылбаган этти жебей турганын билдик», - деди Арман.

Анын айтымында, уяткарды деп таарынган кудасы кызын алып кетүүгө да аракет кылган. Эки тарап тең бир топ бушайман болгондон кийин тамаданын жардамында кырдаал жөнгө салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14864
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×