Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 22.03.2018 22:38 На русском

Кыргызстандык кинематографисттер Татарстандагы эл аралык кинофестивалга катышып жатат

Turmush -  Кыргызстандык кинематографисттер Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан эл аралык кинофестивалга катышып жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Маданият министрлиги маалымдады.

Маалым болгондой, конофорумга Россиянын, Түркиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын жана Түркмөнстандын кинематографисттери чакырылган.

Аталган фестивалды өткөрүү 2017-жылы түрк кинематографтарынын мыкты эмгектерин көрсөтүү максатында Түрк дүйнөсүнүн тасмасы ассоциациясы тарабынан демилгеленген. Фестиваль жыл сайын ар башка мамлекетте уюштурулуп турат.

Казань шаарындагы фестиваль 25-мартта жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×