Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баракелде

Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 15-мартта башталат

Turmush -  Нооруз майрамына карата өтүүчү көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Бишкекте 15-мартта башталат. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдешке 16 команда катышат. 14-мартта Бишкекте чүчү кулак өткөрүлөт. Мелдештин финалдык таймашы 21-март — Нооруз күнү өтөт.

Аталган турнирдин азыркы кездеги чемпиону болуп Талас облусунун «Ынтымак» командасы эсептелет.

Мелдешке катышуучу командалар:

«Ынтымак»
«Достук»
«Четинди»
«Биримдик»
«Мурас»
«Арашан»
«Көк жал»
«Толкун»
«Төш-Булак»
«Аафият»
«Илбирс»
«Казарман»
«Долон»
«Сары-Өзөн»
«Эмгек-Талаа»
«Келечек»

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 918
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×