Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык С.Конушалиева айылындагы бардык кыздардын себин даярдайт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 65 жаштагы тургуну Соорон Конушалиева 20 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, кыздардын себин даярдайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, чеберчиликти апасынан үйрөнгөн.

«Алгач кыз-келиндердин чермийин, күрмөлөрүн тикчүмүн. Азыр курак курап, туш кийиз, төшөк, жууркан жасап, кыздын себин даярдайм. Кыздардын себи 2 сыйрадан 10 сыйрага чейин болот. Баалары жасалып жаткан кездеменин сапатына жараша бааланып, 10 сыйра септин жумушу 7500 сом болот. 10 сыйра септин даяр болушуна 1 жума убакыт талап кылынат. Өзгөрүш айылындагы бардык кыздардын себи менин колумдан чыгат. Коңшулаш айылдардан дагы буйрутмаларды кабыл алам. 2 кызым азыр мени менен кошо иштеп, көмөктөшүп жатат», - деди ал.

Соорон апа жолдошу экөө 3 кыздын, 9 неберенин, 2 чөбөрөнүн ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1470
Көп окулду
×