Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 13.03.2018 17:05

Мурунку вице-премьердин уулу Жогорку Кеңештин депутаты болду

Turmush -  Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ал мандатын бүгүн, 13-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда алды.

М.Маматалиев «Республика — Ата Журт» партиясынан Фархат Иминовдун ордун ээледи. Ал ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазган болчу.

БШКнын бүгүнкү отурумунда «Республика — Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, №73 катарга жазылган Болотбек Дыйканбаев тизмеден чыгуу тууралуу арыз жазбаганы маалым болду. Ал эми, М.Маматалиев тизмеде №78 катарда болчу.

Жаңы мандат алган эл өкүлү мурунку вице-премьер-министр Маматалиев Абдырахман Мадакимовичтин уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×