Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 13.03.2018 19:10

Шашылыш эскертүү: Өлкөдө 16-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Turmush -  Бүгүн, 13-марттан тарта 16-мартка чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 14-мартта күндүз жана 15-16-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, деп эскертет ӨКМ.

14-17-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана мал кармоону кыйындатат.

Ошондой эле, туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо, БишкекОш унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-БукаКаныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная ГоркаАк-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, КазарманАктал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), Мырза-АкеКара-КулжаАлайкуу унаа жолунун 45-90-145-150-чакырымдарында жана КараколЭңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткү түшүү коркунучу сакталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×