Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Непалдагы учак кырсыктан 49 адам каза болду

Turmush -  Непал Федеративдик Демократиялык Республикасынын Катманду шаарындагы учак кырсыгынан 49 адам көз жумду. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, US-Bangla Airlines компаниясына таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учак кечээ, 12-мартта «Трибхуван» эл аралык аэропортуна конууга даярданып жатканда кырсыкка учураган.

Непал, Кутманду шаары
Алдын ала маалыматтар боюнча, учак аэропортко конуп жатканда учуп-конуу тилкесине жетпей, аэропорттун жанындагы футбол аянтчасына түшүп, күйүп кетти. Бул учактын ичинде жалпы 71 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 49 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды.

Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1312
Көп окулду
×