Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 13.03.2018 07:58 На русском

А.Мусабеков Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Алмазбек Мусабеков Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Алмазбек Мусабеков эми аппараттын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүн жетектейт.

Премьер-министрдин башка буйругу менен буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Эмилбек Бусурманкулов кызматынан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×