Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.03.2018 19:09 На русском

Өкмөт башчы министрлер менен ведомстволордун башчыларына катуу сөгүш жарыялап, эскертүү берди (тизме)

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков министрлик жана административдик ведомстволордун бир катар жетекчилерине тартиптик жаза жарыялады. Буга аткаруучулук тартипти начар уюштургандык, өкмөттүн 2015-жылдын 30-мартындагы токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруу тууралуу так эмес жана сапатсыз маалымат берилгени себеп болгон. Бул маалыматты бүгүн, 12-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

Тизме:

- Самат Бөрүбаев – Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысына;

- Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге сөгүш жарыяланды.

Эскертүү алгандар:

- Уран Ахметов – Юстиция министри;

- Бактыбек Секимов – Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы;

- Азамат Эркебаев – Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

- Илияз Ташбаев – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы.

2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн эскертүү алгандар:

- Адылбек Касымалиев – Финансы министри;

Катуу сөгүш жарыялангандар:

- Артем Новиков – Экономика министри;

- Гүлмира Кудайбердиева – Билим берүү жана илим министри;

- Нурбек Мурашев – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

- Уланбек Рыскулов – Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

- Абдыкалык Рустамов – Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

- Бактыбек Абдиев – Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

Ошондой эле, аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, өкмөттүн 2015-жылдын 30-мартындагы токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чараларынын планын аткаруу жөнүндө так эмес жана сапатсыз маалымат бергендиги, 2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×