Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Баракелде

Сауд Арабиядагы маданий сынакта кыргыз студенттер Митсубиси утуп алышты (видео, фото)

Turmush -  Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарында өткөн каада-салт жана маданий көргөзмө сынагында аталган шаарда окуган кыргыз студенттер 1-орунду ээлеп, 2018-жылы чыккан Митсубиси унаасын утуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга студенттердин атынан Алмаз Талипакунов билдирди.

Анын айтымында, улуттар арасында өткөн 10 күндүк сынакка 80 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан.

«Бул жеңиш — жалпы Кыргызстан элинин сыйлыгы жана сыймыгы. Биз Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда салымыбызды кошо алдык. Себеби, биздин маданиятка Медина университетине жүздөн ашык мамлекеттен келген студенттер жана дүйнө жүзүнөн келген зыяратчылар күбө боло алышты», - деди ал.

Көргөзмөгө коюлган кыргыз боз үйү

80 мамлекеттин көргөзмөлөрү

Көргөзмөнүн катышуучулары

Көргөзмөнүн жеңүүчүлөрү

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2938
Көп окулду
×