Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.03.2018 11:52 На русском

Уюшкан топтун мүчөлөрү бишкектик тургундун унаасын тартып алышкан (фото)

Turmush -  Бишкекте тоноочулук кылмышка шектүү делген эки адам кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Свердлов РИИБге жабырлануучу 2017-жылдын декабрь айында коркутуу жолу менен 277 миң сомго бааланган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган М. жана Б.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факты боюнча Свердлов РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексиндеги 167-берененин (тоноо) негизинде кылмыш иш козгогон. Бишкек ШИИБдин кызматкерлеринин оперативдүү аракеттеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып кармалды. Алар — 1977-жылы туулган Р.Б. жана 1984-жылы туулган А.М. Аталган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турушат.

Шектүү А.М.нын унаасын текшерүү учурунда Макаров үлгүсүндөгү тапанча, 9 мм калибриндеги 5 ок табылды. Ал эми, Р.Б. кармалган учурда жанынан 5,6 мм калибриндеги 57 ок жана 12 мм калибриндеги 2 ок табылып алынды. Тапанча экспертизага жөнөтүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×