Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Дүйнө 09.03.2018 11:13 На русском

Ташкенттик имам түрк сериалдарын көргөн аялдардан гей балдар төрөлө тургандыгын айтты

Turmush -  2-мартта Ташкенттеги Мирза Юсуф атындагы мечиттин имамы Рахматулло Сайфуддинов түрк сериалдары өзбектердин генофондуна терс таасир тийгизип жаткандыгын билдирди.

Жума намаз учурунда имам Сайфуддинов «жыныстык катнаш учурунда күйөөсү жөнүндө эмес, түрк сериалдарындагы сулуу актерлор жөнүндө ойлогон аялдардан гей балдар төрөлөт» деп айткан. Учурда өзбек прессасында түрк сериалдарына каршы кампания жүрүп жатат. Өткөн айда жеке менчик ZO'RTV телеканалы түркиялык «Черная любовь» (Kara Sevda) сериалын көрсөтүүнү токтоткон. Өзбекстандын Маалымат жана басма сөз агенттигинин жалпыга маалымдоо каражаттарын текшерүү борбору аталган сериал өзбектердин үй-бүлөлүк баалуулуктарына, улуттук салттарына жана менталитетине каршы келет деген тыянакка келген.

Рахматулло Сайфуддинов өз сөзүндө түрк сериалдары улуттук менталитетке каршы келип, жарала элек балдардын дагы сексуалдык ориентациясын буза тургандыгын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×