Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ош

Чоң-Алайда кен казуу үчүн берилген лицензиялар 33кө жетти

Turmush -  Чоң-Алай районунда өндүрүш тармагына 33 лицензия берилсе, анын ичинен 20 лицензия алтын казуу боюнча берилген. Жергиликтүү тургундар Чоң-Алай районуна бир-эки гана алтын казуучу компаниялар жетиштүү деп айтып жатышканын район акими Жумадилла Жапаров Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азис Сапаралиев менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, лицензиялар өтө көп берилип жатат.

«Райондогу алтын өндүрүүгө эле бир жылгадан онго жакын ишканага лицензия берилген. Биз кимдерге, качан лицензия берилгенин билбей калдык. Бир жылгада эле бир нече өндүрүш компаниялардын иштеши бизге оор абал түзүп калууда. Ошону менен катар 2 ишкана көмүр казууга лицензия алган, бирок 10 жыл болсо дагы жакшы продукция өндүрө албай жатат», - деди ал.

Жыйынга Ош облусундагы бардык райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылар, жергиликтүү кеңештин төрагалары катышты. Катышуучулардын басымдуу бөлүгү лицензия маселесин көтөрүштү. Айрымдары лицензия алып, бирок долбоорду ишке ашырбай, лицензиялар колдон колго өтүп жатканын да билдиришти.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысынын орун басары Азис Сапаралиев 3 жылда лицензиядан 10 млрд сомдон ашуун каражат мамлекеттин казынасына түшкөнүн билдирди.

«Экология маселеси биринчи орунда турат, аны биз дагы колдойбуз. Бирок биз эки багыттын бирин гана тандашыбыз керек. Өндүрүш, инфраструктураны жогорулатуу, жарыктандыруу, жумуш менен камсыз кылууну жөнгө салуу үчүн өндүрүштү тандап жатабыз. Өндүрүштү ишке киргизүү үчүн жакшы инвестор керек. Лицензия берүүдөн эле 2014-2017-жылга чейинки 10 млрд сомдон ашуун каражат казынага түштү. Ошончо акча каражаты мурун түз сүйлөшүү жолу менен берилчү, башкача айтканда бирөөнү байытчу. Биз бүгүнкү күндө лицензияны ачык-айкын берип жатабыз. Лицензия алган ишканалар 2 ай салыгын төлөбөсө, анда келишимди жокко чыгарабыз», - деди ал.

Жыйындын максаты — региондордо жаңы жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто ишкердикти колдоо, экономиканы өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу, региондордун экспорттук дараметин колдоо.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2379
Көп окулду
×