Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 08.03.2018 10:18 На русском

Белоруссияда өзүнүн 2 баласын өлтүргөн ата өлүм жазасына тартылды

Turmush -  Белоруссияда өзүнүн 2 баласын өлтүргөн кылмышкер Кирилл Казачек өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Tyt.by маалымдады.

Маалымтака караганда, анын апасы баласынын өлтүрүлө тургандыгын тууралуу маалыматты алдын ала алган. Жаза 2017-жылдын октябрь айында жүзөгө ашырылган. Кирилл Казачек 2016-жылы Мозырского районунун Наровчизна айылында 9 жаштагы кызын муунтуп, 17 жаштагы уулун балта менен башка чаап өлтүргөн. Ал балдарын өлтүрүү менен ажырашкысы келген аялынан өч алууну каалаган. Андан кийин аялына келип, балдарын өлтүргөндүгүн айтып берген. Ошол учурда милицияга маалымат берип, алар келгенче өз жанын кыюу үчүн 4-кабаттан секирген. Бирок өлбөй аман калган. Кылмышкер ата мурда сот жообуна тартылган адам болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×