Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Медина шаарында тажикстандык 33 жаштагы ишкер үй-бүлөсү менен кошо көз жумду

Turmush -  Сауд Арабиянын Медина шаарындагы мейманканалардын биринен тажикстандык жаш ишкер Бахтиёр Додохоновдун, анын жубайынын жана эки жаш баласынын денеси табылды. Маркум ишкер «Шарки Озод» басылмасынын мурунку директорунун уулу, деп маалымдайт «Азия Плюс».

Ишкердин каза болгонун басылмага жакындары тастыкташкан. Такталган маалыматтар боюнча, ишкер 33 жашта болсо, уулдарынын бири 11, экинчиси 12 жашка толгон. Бул үй-бүлө Медина шаарына кичи ажылык сапар (умра) үчүн барышкан. Исламдын шарттарына ылайык алардын денеси көз жумган шаарда жерге берилет.

Айрым маалыматтар боюнча, 4 адам тең ууланган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8922
Көп окулду
×