Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Баракелде

Түркияда муунтулуп өлтүрүлгөн кыргызстандык келиндин денеси Кыргызстанга жөнөтүлдү

Turmush -  Түркияда муунтулуп өлтүрүлгөн кыргызстандык Екатеринанын денеси кечээ, 5-мартта мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу haberturk.com маалымдады.

Маалыматка караганда, анын денесин атайын фирманын өкүлдөрү алып кетишти.

Мурда Түркияда кыргызстандык 34 жаштагы Ч.Катеринаны күйөөсүнүн бир тууганы Ч.Мехмет муунтуп өлтүргөнү кабарланган. Ал полицияга өзү барып, кылмышын айтып берген. Учурда адам өлтүрүү беренеси боюнча камакта жатат.

Haberturk.com. басылмасынын маалыматы боюнча, маркумдун күйөөсү Ч.Мехмет фабриканын ээси болгон. Бирок жубайлар ажырашкандан кийин ишкер чет өлкөгө чыгып кеткен. Алардын ортосунда 3 бала бар.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2144
Көп окулду
×