Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Бишкек 05.03.2018 20:21

Заманбап драмалык чыгармалардын республикалык сынагы жарыяланды. Байге фонду – 1 млн сом

Turmush -  Маданият, маалымат жана туризм министрлиги заманбап драмалык чыгармаларды жазууга шыгы бар таланттарды республикалык сынакка катышууга чакырат. Чыгармаларды кабыл алуу 2018-жылдын 10-мартында башталып, 30-октябрга чейин улантылат.

Министрликтин маалыматы боюнча, республикалык сынактын байге фонду 1 млн сомго жетет. Сынак азыркы замандын курч көйгөйлөрүн, каармандарын, жаңы образдарды жаратуу, турмуш чындыгын драма, комедия аркылуу чагылдыруу максатын көздөйт.

Пьесалар улуулар, балдар (анын ичинде куурчак театры үчүн) аудиториясынын муктаждыктарын эске алуу менен жазылууга тийиш.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×