Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Казакстандагы абакта жаткан кыргызстандык жаран нааразычылык билдирип, оозун тигип алды (фото)

Turmush -  Казакстандын Тараз шаарындагы абакта камакта жаткан кыргызстандык жаран Э.Тентемишев ачкачылык жарыялап жана нааразычылык катары оозун тигип алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-топтогу майып Э.Тентемишевдин мындай кадамына 158/4-мекеменин жетекчилигинин анын улутуна карата кодулоосу себеп болгон.

Омбудсмен Кубат Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго аталган жарандын укугун коргоого көмөктөшүүнү, эгерде анын укугу бузулганы тастыкталса аны калыбына келтирүүнү жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну өтүнүп кайрылды.

Ошондой эле, аталган институт тарабынан Э.Тентимешевди экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн аныктоо боюнча Башкы прокуратурага жана Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4611
Көп окулду
×