Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 02.03.2018 12:38 Жаңыланды: 17.04.2018 09:56

Айыл турмушу: Таластык М.Качканова үйүндө 5 миң сомдук гүлдөрдү өстүрөт (фото)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 35 жаштагы тургуну Мээрим Качканова 5 миң сомдук бөлмө гүлдөрдү өстүрүп сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, гүлдөрдү 3 жылдан бери өстүрөт.

«Өзүмдүн апам гүлгө жакын. Үй шартында гүл өстүргөнгө апам түрткү болгон. Башында менде кызыгуу деле жок болчу. Апам үйгө барган сайын гүлдүн көчөттөрүн берип кызыктырып койду. Алгач өзүм үчүн өстүрүп баштадым. Кийин үйгө келген коноктор сатуумду суранып, сатып алып баштады. Ошондон улам кызыгуу болуп, 3 жылдан бери сатып жатам.

Азыркы учурда гүлдүн 20дан ашуун түрүн өстүрөм. Күндү жакшы көргөн гүлдөр күнгө, көлөкөнү жактыргандары көлөкөдө өсөт. Гүлдөп турган гүлдөр бөлмөнүн көркүн ачат. Чарчап же маанайым жок учурда гүлдөрүмдү кароо менен алектенип калам. Мен канчалык үстүнөн түшпөй караган сайын маанайым ошончолук жакшы болот. Кээ бир учурда гүлдөр да ооруп калат. Ал убакта дары чачып дарылап турам.

ав

(5 миң сомдук Александра гүлү)

Гүлдөрдүн эң арзаны 250 сом, эң кымбаты 5 миң сом. Александра деген гүл 5 миң сомдон сатылат. Кээ бир учурда кыздарым «бизге караганда гүлдөрүңүзгө көп мээрим төгөсүз» деп тамашалап калат», - деди ал

Мээрим айым жолдошу менен 4 баланы тарбиялоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×