Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Нарын

Байгөнчөк айылында «Ооганчылардын эрдиги — кийинки муунга үлгү» кечеси уюштурулду (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында Ооган жергесинен советтик аскерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгына карата ооган ардагери Абдылда Өмүров менен окуучулардын жолугушуу кечеси уюштурулганын мектеп мугалими Элат Аралбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Кечээ, 14-февралда Байгөнчөк айылынын тургуну, Ооган согушунун катышуучусу А.Өмүров жана тажик-ооган чек арасындагы коогалаңда болгон Акылбек Назарбеков менен жолугушуу кечеси айылдык китепканада «Ооганчылардын эрдиги — кийинки муунга үлгү» аталышта өтүп, анда А.Өмүров Ооган согушундагы урунттуу учурларды, согуштун келип чыгышы жана өзүнүн согуш учурундагы окуяларын айтып берди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1023
×