Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Ошто баш аламан токтотулган унаалар эвакуатор менен алынып баштайт

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Ош шаарында жолдогу кырсыктар менен тыгынды алдын алуу максатында автоунааларга рейд жүргүзүлдү. Рейддин алкагында уруксат берилбеген аймакка токтотулган бир нече унаанын айдоочуларына эскертүү берилип, протоколдор түзүлгөн. Учурда Ош шаарында калк жыш жайгашкан 7 аймакта тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү рейд Ош облустук ооруканасынын кире беришинен башталды. Айрым айдоочулар токтоого мүмкүн эмес деген жол белгиге көңүл бурбай, кайра протолго кол коюудан баш тарткан учурлар дагы болду. Ал эми таксист Рыскул Низаминов унаа коюучу жай жоктугунан унаасын өзү билген жерге токтотууга аргасыз болгон. Анын айтымында, буга чейин мындай кадамы үчүн айып пул салынган эмес.

«Азыр милицияда таанышы барлар каалаган жерге токтой берет. Таанышы жокторго айып пул салынат. Мен ооруканага бейтапты алып келгем, кайра кетмекмин. Буга карабай мага протокол жазып, 1000 сом айып пул салып коюшту. 1000 сом табуу үчүн мен жок дегенде 2-3 күн иштешим керек», - деди Р.Низаминов.

Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Тынарбек Исаевдин айтымында, айдоочулар жол белгилерине көңүл бурушпайт.

«Шаардагы жол тыгындарды жоюу, жол кырсыгын алдын алуу жана сырттан келген меймандарга ыңгайсыздык жаратпоо максатында текшерүү иштери жүрүп жатат. Шаарыбызда унаалардын саны көп. 13-февраль күнү тыюу салынган жерге токтогон автоунаалардын ээлерине 350 протокол түзүлдү. Аларга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынууда», - деди Т.Исаев.

Ал эми Ош шаарынын мэриясынын укуктук тартип, коргонуу, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси Алтынбек Пирматов айдоочулар үчүн унаа токтоочу жайлар даярдалганын айтат. Бирок ал жерге барбай жатышат. Жакында Ош шаарында унааларды жүктөп кетүүчү 4 эвакуатор алынып келет.

«Биз атайын автобекетке унаа токтоочу жай уюштурганбыз. Облустук оорукананын жанында дагы унаа токтоочу жерлер бар. Бирок ошого карабай эреже сактабагандар болуп жатат.

2 күндүн ичинде эле унаасын жашынып токтоткон 214 таксистке айып пул салынды. 10 күндөн кийин Ош шаарына унаа жүктөөчү 4 эвакуатор алынып келет. Мындан ары туура эмес токтотулган унаалар убактылуу токтоочу жайга киргизилет. Айдоочулар айып пулдан сырткары эвакуатордун акысын төлөөгө милдеттүү болушат», - деди А.Пирматов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2799
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×